Понедельник, 25 ноября

Ѳзү окуган мектебине жардам берген Лондондук миллиардер

0

Лондондук миллиардер Юрий Шефлер  Балыкчы  шаарындагы өзү билим алган мектепке жардам берүүдө. Ал ѳзү Лондондо жашайт. «Большая перемена» кайрымдуулук фондун түзгѳнү, билим уясына жардам көрсөтүп келет. 

Учурда фонд мектепти оңдоп-түзөө иштери үчүн 56 млн. сом бөлдү. Буга чейин мектептин ашканасы  капиталдык оңдоодон  өтүп, 5 млн. 800 сомго эмеректер жана жабдуулар   берилген.  Мындан тышкары башталгыч класстар үчүн 1,5 млн. сомго гимнастика залын жасалган.  

SPI Group директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Шефлер Forbes журналынын «Россиянын эң бай 200 бизнесмени-2019» рейтинги боюнча 60-орунда турат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз