Среда, 29 апреля

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 43 млрд долларга жакындады

0

2025 жылдын 1-февралына карата Өзбекстандын резервдик активдеринин жалпы баасы 42,9 млрд долларды түздү, деп билдирет өлкөнүн Борбордук банкы.

Бул өткөн айга салыштырмалуу 1,72 млрд долларга (4,17%) көп.

Алтындын баасы 3,02 млрд долларга өсүп, 35,06 млрд долларды түздү. Бул өсүш бир трой унциясынын баасы 2900 долларга жакындаган баалуу металлга дүйнөлүк баанын өсүшү менен байланыштуу. Мында алтындын запастарынын физикалык көлөмү да 382,57 тоннадан 391,9 тоннага чейин көбөйгөн.

Бирок, өлкөнүн валюталык резерви 1 млрд 290 млн долларга азайып, жалпы көлөмү 7,3 мдрд доллардан төмөндөгөн. Анын 442,3 млн доллары башка өлкөлөрдүн борбордук банктарындагы жана Эл аралык валюта корундагы эсептерде, ал эми 6,75 млрд доллары чет элдик коммерциялык банктарда сакталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз