Нуржан Шайлдабекова Боршайкомдун төрайымы кызматынан кетти. Нуржан Шайлдабекованын өз каалоосу боюнча жазган арызын БШК мүчөлөрү карап, анын чечимин колдоп беришти.
Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп 2016-жылы жана 2021-жылы эки ирет шайланган.
Ал эми буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары болуп келген Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы болуп шайланды. Тынчтык Шайназаровдун талапкерлиги БШКнын жыйынында колдоо тапты.
