АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландияны сатып алуу планына жооп катары Данияда АКШнын Калифорния штатын Даниянын аймагына айландыруу кампаниясы башталды.
Үгүт жарыясы “Danmarkification” сайтында жайгаштырылган.
Билдирүүдө өнөктүктүн максаты Трамптын Гренландияны алуу планына жооп катары Калифорния штатын АКШдан сатып алуу менен Даниянын аймагына айландыруу экени айтылат.
Республикачыл Трамптын, Демократиялык күчтөрдүн борборлорунун бири болгон Калифорнияны жактырбаганы баса белгиленген билдирүүдө: “Трамп Калифорниянын эң чоң күйөрманы катары каралбайт. Биз ал бул жерди жакшы баада берүүгө даяр экенине ишенебиз” — деп айтылат.
“Эгер Трамп Калифорнияны саткысы келсе, аны сатат. Трамп каалаганын кыла алат жана жарандардын риторикасы аны токтото албайт”, — деп айтылат билдирүүдө.
Өнөктүктү 200 миңге жакын адам колдоду.
