Среда, 29 апреля

Сириянын бийлиги орус аскерий конвойун Тартустагы базага киргизбей койду

0

Сириянын Коргоо министрлиги Латакия облусунун Чебла районундагы Хмеймим аба базасынан чыккан орус конвойунун Тартус облусундагы базага кирүүсүнө уруксат берген жок.

Ракета жүктөлгөн 30 унаадан турган орус конвойу кечээ эртең менен Хмеймим аба базасынан чыгып, Тартус тарапка багыт алды.

Орус конвойу жаңы өкмөттүн Коргоо министрлигине караштуу аскердик күчтөр тарабынан Тартус шаарындагы жол көзөмөл пунктунда болжол менен 8 саат бою күттүрүлдү.

Бир нече саат күткөн конвой базага кире албай жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00 чамасында Жебле районундагы Хмеймим базасына кайтып келди.

Оппозициянын 27-декабрда баштаган операциясынан кийин Орусия Сириянын облутарындагы аскердик күчтөрүн Латакиядагы Хмеймим аба базасына алып кеткен.

Орус армиясы  кулатылган Башар Асад режими менен 2015-жылы түзүлгөн  келишимге ылайык базаны колдоно баштаган жана бир жылдан кийин кеңейте баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз