Газа калкынын жер которуусу тууралуу сөзгө байланыштуу: «Баскынчы Израил кол салуу жана кыргындар менен жетише албаганды жоюу жана көчүрүү пландары менен ишке ашыра албайт»,-деп баалоо жүргүзүлдү.
Билдирүүдө Хамастын Израил менен болгон ок атышпоо келишимине бекем турганы баса белгиленип: «Өз милдеттерин аткарбаган баскынчы Израил болуп саналат, ар кандай баш аламандык жана кечиктирүүдөн Израиль жооптуу», — деп айтылды.
АКШнын президенти Трамп, Иорданиянын падышасы Абдулла менен болгон жолугушуусунда «Газаны басып ала тургандарын жана ал АКШнын бийлиги астында боло турганын» айтса, Абдулла, араб өлкөлөрүнүн, айрыкча Египет жана Сауд Арабиянын чогулуп процесске байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын жана бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүү керектигин айтты.
Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убайда 10-февралда 15-февралда болушу күтүлгөн туткундарды алмаштыруу Израилдин ок атышпоо келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн токтотулганын жарыялады.
Хамастын билдирүүсүндө ошондой эле убактылуу токтотуу чечиминин туткундарды алмаштыруудан беш күн мурда жарыя кылынганы жана ортомчу өлкөлөргө ок атышпоо шарттарына баш ийүүсү үчүн Израилге басым жасоо мүмкүнчүлүгү берилгени белгиленди.
Нетаньяху болсо: «Эгер Хамас ишемби күнү түшкө чейин биздин туткундарды бошотпосо, ок атышпоо токтойт жана Израил айыгышкан чабуулдарын улантат жана Хамас акыры жеңилгенге чейин уланат»,-деп айтты.
