АКШнын аскердик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Сан-Диегонун Куткаруу кызматы кабарлаганын билдирди.
Маалыматка караганда, аскердик учак Сан-Диего булуңуна кулап түшкөн. Учактын бортунда эки учкуч болгон.
Аларды куткаруучулар суудан аман-эсен чыгарып, ооруканага жеткиришкен.
Учак кырсыкка кабылганы жатканда сигнал бергенби азырынча айтыла элек.
