Израилдин 471 күн үзгүлтүксүз кол салууларынан кийин ок атышпоо түзүлгөн Газа тилкесинде акыркы 24 саатта экөөсү урандылардын астынан чыгарылган 3 палестиналыктын сөөгү ооруканаларга жеткирилди.
Газадагы Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышпоонун 23 — күнүндө Израиль армиясынын кол салууларында каза болгондор жана жаралангандар тууралуу акыркы маалыматтарды бөлүштү.
Акыркы 24 саатта ооруканаларга 3 адамдын жансыз денеси жана 9 жарадардын алып барылгандыгы бидирилди. Каза болгондордун экөөсүнүн урандылардын астынан чыгарылгандыгы белгиленди.
Израилдин Газа тилкесине 2023-жылдын 7-октябрынан тартып ок атышпоо келишими түзүлгөн 19-январга чейин уланган чабуулдарында каза болгон палестиналыктардын саны 48 миң 222ге, жарадарлардын саны 111 миң 674кө жеткендиги маалымдалды.
Израиль 19 — январда Хамас менен түзүлгөн ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишимине карабастан Газада ок атышпоо эрежемин бат — бат бузууда.
Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Мунир эль-Бурш 11-февралда жасаган жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, Израиль ок атышпоо келишими түзүлгөндөн бери Газа тилкесинде түздөн-түз жасаган чабуулдарында 92 палестиналыктын каза болгонун жарыялаган.
