Пятница, 6 ноября

Мамлекеттик банктар 284 компания менен кызматташууну токтотту. Себеби

0

Кыргызстандын эки мамлекеттик банкы 2026-жылдын башынан бери санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 284 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Бул тууралуу ведомстволор аралык жумушчу топтун 5-ноябрдагы жыйынында маалым болду.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, «АБанк» 115 компания менен кызматташууну токтоткон. Дагы 37 компания мониторингден өтүүдө. Ал эми «Элдик Банк» 169 компания менен ишин токтотуп, төртөөнү текшерип жатат.

Жыйында санкциялык тобокелдиктери жогору компанияларды аныктоо, текшерүү жана тиешелүү тизмени колдонуу маселелери каралды.

Ошондой эле Европа биримдиги, АКШ жана Улуу Британия менен кызматташуу талкууланды.

Жыйындын соңунда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу, финансылык ачык-айкындуулукту бекемдөө жана мамлекеттик органдар менен банктардын кызматташуусун жакшыртуу боюнча иштер белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз