Суббота, 18 апреля

Палестиналыктар Дональд Трамптын Газа планына каршы чыгууда

0

Газа тилкесинде жүздөгөн палестиналык АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа планына каршылык көрсөттү.

Хамастын чакыруусу менен Газа тилкесинин ортоңку бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагериндеги Шүхеда мечитинин алдында чогулган палестиналыктар Трамптын Газаны «өткөрүп алуу» жана палестиналыктарды мажбурлоо менен жер котортуу планына байланыштуу сөздөрүнө каршылык көрсөтүштү.

Араларында балдар да болгон көп сандаган палестиналык колдорунда «Палестина биздики, Газа биздики,  бул жерлер биздики, эч жакка барбайбыз, жерибизди таштап кетпейбиз, Газа пландарын жок кылып, бул жерлер бир гана өз калкын кучагына алат»,- деп жазылган плакаттар менен жүрүштү.

Газалыктар көчүрүү планын кескин түрдө четке кагып, өз жеринде калуу укугуна берилгендигин дагы бир жолу ырасташты.

Хамастын лидери Абдуррахман ал-Жамал билдирүүсүндө: «Жер которуу планына каршыбыз. Палестина элинин мыйзамдуу ээлери экенин,Кудс биздин шаарыбыз экенин, таштап кетпей тургандыгыбызды бүткүл дүйнө уксун»,- деди.

Жамал жерлеринен эч качан чыкпай тугандарын баса белгиледи.

Дональд Трамп Газада олуттуу кыйратуунун болгонун айтып  «Палестиналыктарды Египет жана Иорданияга жайгаштыруу» сунушун билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз