Суббота, 18 апреля

Бишкекте белгилүү журналист Нарын Айып акыркы сапарга узатылды

0

Бишкекте белгилүү журналист Нарын Айыпты (Идинов Нарынбек Айыпович) акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, саясатчылар жана жакын туугандары катышты.

Журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланган.

Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мүнхенде «Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган.

2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган.

5-каналда алып баруучу, редактор, соңку кездери “Жетинчи каналда” иштеп жаткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз