Суббота, 5 апреля

Экологияга зыян тарттыргандарга жаза күчөтүлөт

0

Кыргызстанда 1-марттан баштап экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Букаров билдирди.

Анын айтымында, тартип бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр экологиялык талаптарды сактабагандык үчүн айып пулдарды кыйла жогорулатат.

“Кээ бир ишкердик субъекттер экологиялык талаптарга жооп бербей жаткандыктан, айып пулду жогорулатуунун чечтик. Мамлекетттик экспертизанын өтүүдөн баш тартуу жана талаптарын аткарбоо боюнча беренеге өзгөртүү киргизип жатабыз”, — деди ал.

Ал белгилегендей, экологиялык нормаларды бузгандарга төмөнкүдөй айып салынат:

  • экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткандарга —15 000 сом (мурда 5 500 сом), юридикалык жактар үчүн — 30 000 сом (мурда 17 000 сом);
  • фитосанитардык нормаларды бузгандарга — 10 000 сом (3 000 сом), юридикалык жактар үчүн — 28 000 сом (13 000 сом);
  • уулуу калдыктарды сактоо жана ташуу эрежелерин бузгандарга — 10 000 сом, юридикалык жактар үчүн — 20 000 сом.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз