Суббота, 18 апреля

Зеленский Түркияга барат

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен эртең Түркияга расмий сапар жасайт.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасынан Украинанын президенти Зеленскийдин эртең президент Эрдоган менен жолугуша турганын билдирди.

Президенттик комплексте өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө Түркия-Украина стратегиялык өнөктөштүк карым-катнаштарынын бардык аспектилери каралып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да күчтөндүрүү максатында таштала турчу кадамдар талкууланат.

Сапардын жүрүшүндө Украинадагы акыркы окуялар жана башка аймактык жана глобалдык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз