Суббота, 18 апреля

Орусиядагы өрттөн кыргызстандыктар жабыркады

0

Орусиянын Ленинград облусунда 5 кыргызстандык өрттөн жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алышкан.

«17-февралда Кыргызстандын 2 жараны Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. Ал эми үчөө Гатчинск ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул факты боюнча Орусиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду.

Маселе Кыргызстандын Ленинграддагы Башкы консулдугунун көзөмөлүнө алынды

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз