Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 75 жараны кармалып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында элчиликтин кызматкерлери КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Орусиянын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна («Сахарово») барышты.
Сапардын алкагында борбордун жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анда мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, аларды Кыргызстанга өз убагында жөнөтүү, ошондой эле элчилик менен мындан аркы ыкчам өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле элчиликтин кызматкерлер кармалып турган Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп, консулдук-укуктук кеп-кеңештерин берип, бардык суроолоруна жооп беришти. Жарандар тарабынан борбордо кармоонун шарттары же укуктарынын бузулушу боюнча даттануулар болгон жок.
Ошол учурда борбордо Кыргызстандын 75 жараны болгон, анын ичинен жетөөсү аялдар.
