Пятница, 15 мая

Египетте 3500 жылдык фараондун мүрзөсү табылды

0

Египет Луксор шаарында 18-Фараон династиясынын (б.з.ч. 1550/1549-1292) королдоруна таандык акыркы фараондун мүрзөсүнүн табылганын жарыялады.

Египеттин туризм жана байыркы эстеликтер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Король II Тутмостун 3500 жыл мурункуга  таандык (б.з.ч. 1493-1481) мүрзөсүнүн ачыкка чыгарлыгандыгы белгиленди.

Министрликтин билдирүүсүндө мунун «Египеттеги 18 —  Фараон династиясына таандык жоголгон акыркы мүрзөсү экендиги белгиленди.

Туризм жана байыркы эстеликтер министри Шериф Фетхи мунун «1922 —  жылы Король Тутанхамондун мүрзөсү табылгандан бери табылган биринчи королдук мүрзө» экендигин айтты.

Байыркы эстеликтер боюнча жогорку кеңештин башкы секретары Мухаммед Халид да мүрзөдө табылган идиш  — аяктардын айрымдарында Король 2 —  Тутанхамон менен жубайы Хатшепсуттун аты жазылган жазуулардын бар экендигин жана мунун да мүрзөнүн ээсинин ким экендигин ырастагандыгын  белгиледи.

Халид бул табылганы «акыркы жылдардын эң негизги археологиялык табылгаларынын бири» деп мүнөздөдү.

Байыркы эстеликтер боюнча жогорку кеңешинин байыркы эстеликтер секторунун башчысы жана Египет тарабынын миссия жетекчиси Мухаммед Абдулбедий болсо «королдун өлүмүнөн көп өтпөй болгон суу каптоодон» улам мүрзөнүн абалынын начар экендигин айтты.

Абдулбедий алдын ала изилдөөлөрдүн көрүстөндөгү негизги нерселердин Байыркы Египет доорунда селге дуушар болгондон кийин башка жерге көчүрүлгөнүн көрсөткөндүгүн айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз