Израил 2002-жылдан бери биринчи жолу оккупацияланган Батыш Шериага танктар менен кирип, аймактын түндүгүндөгү Женин качкындар лагерине чабуул жасады.
Израил аскерлери 3 танк жана башка аскердик унаалар менен Женин качкындар лагерине кирди.
Активисттер бөлүшкөн жана жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган кадрларда палестиналык балдардын танкаларга таш ыргытып жатканын көрүүгө болот.
Окуяга күбө болгондордон алынган маалыматка караганда, Израил аскерлери эки бульдозер менен Женин шаарынын батышындагы Ямун шаарчасына кол салышты.
Израил армиясы бульдозер менен шаардын көчөлөрүн казып, инфраструктураны, суу жана электр линияларын талкалай баштады.
Палестинанын расмий агенттиги WAFAда жарыяланган кабарда Израиль күчтөрүнүн Ямун шаарын басып алганы жана көптөгөн үйлөрдү тинтип, кээ бир палестиналыктарды камоого алганы белгиленди.
Израилдин аскерлери кечээ эртең менен Женин шаарынын түштүгүндөгү Кабатие шаарчасына рейд жүргүзүп, шаарга 48 сааттык коменданттык саат киргизе тургандыктарын жарыялашты.
