Воскресенье, 19 апреля

Конгодо белгисиз оору жайылууда

0

Конго Демократиялык Республикасында 50дөн ашуун киши белгисиз оорудан каза болду.

РИА Новости маалымдагандай, Басанкусу шаарында белгисиз илдет жайылууда. 943төн ашуун учур февраль айынын башында катталып, 52 адам көз жумду.

Белгисиз оорунун алгачкы учуру 9-февралда аныкталган. Илдетти жугузган адамдарда дене табынын жогорулашы, баштын, муундардын оорусу жана башка белгилер байкалууда. Экспресс-тесттердин 55%ы малярияга оң жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Муну менен Эбола вирусуна шектенүүлөр жокко чыгарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз