VII Ташкент эл аралык марафону үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын спорт министринин орун басары Авазжон Каримов күнмурун бул окуяга арналган маалымат жыйынында айтты, деп билдирди өлкөнүн Жаштар иштери боюнча агенттигинин басма сөз кызматы.
Анын айтымында, Ташкент эл аралык марафону Өзбекстанда калкты массалык спортко тартуу боюнча натыйжалуу иштердин жаркын мисалы болуп саналат.
«Жыл сайын чет элдик спортчулардын катышуусунун көбөйүшү бул марафондун дүйнөдөгү популярдуулугунун далили», — деп белгиледи ал.
Катышуучулардын классикалык марафондук аралыкта (42 км), жарым марафондо (21 км) жана 10 км жарышта өз күчүн сынай алышы айтылды.
Негизги жарыштын алдында, 12-апрелде Magic City паркында балдардын салттуу Kids Run жарышы, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдик жарыш, 3 чакырым аралыкка чуркоо жана скандинавиялык басуу боюнча мелдештин уюштурулушу каралган.
VII Ташкент эл аралык марафонунун байге фонду 639 млн сумду (49,5 миң доллар) түзөт. Марафондук аралыкта Өзбекстандын республикалык рекордун орнотуу үчүн кошумча 15 млн сум (1163 доллар) жана эркектер жана аялдар арасында жарым марафондук аралыкка 10 млн сум (775 доллар) бөлүнөт.
Марафонго каалаган адам, жарандыгына карабастан кесипкөй спортчулар да, ышкыбоздор да катыша алат. Марафонго катышуу үчүн жеке катышуучулардан тышкары корпоративдик командалар, уюмдар жана спорттук клубдар да кайрыла алышат.
Учурда VII Ташкент эл аралык марафонунун катышуучуларынын саны дээрлик 1500 адамга жетти, анын ичинде 28 өлкөнүн, ошондой эле Кыргызстандын да жарандары бар. Марафонго катталуу уланууда.
Ташкент марафону World Athletics — Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы мелдештеринин календарына киргизилген болуп, 2019-жылдан бери такай өткөрүп келинет.
