Вторник, 8 апреля

Украинанын баалуу металлдары талашка түшөбү?

0

Европа Биримдиги  АКШ сыяктуу  Украина менен баалуу металлдар боюнча келишим түзүүнү каалай тургандыгын жарыялады.

Европа Биримдиги комиссиясынын төрага орун басары Стефан Сежурн Европа Биримдигинин Украинага эки тараптын тең пайдалуу кендерди иштетүү боюнча келишимди сунуш кылгандыгын билдирди.

Европа Биримдигинин  өнөр жай стратегиясынан жооптуу Сежурндун айтымында, согуштун үчүнчү жылы аяктап жаткандыктан, кечээ Киевге жасаган сапарында  Европа Биримдигинин  кечээ украиналык жетекчилерге  “атаандаш” сунуш киргизгендиигн белгиледи.

«Европага керек болгон 30 негизги берененин  21и Украина утуп алган өнөктөштүктө бере алат». Сежурн Европа эч качан эки тарапка тең пайда алып келбеген келишимди сунуш кылбайт деп билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп айдын башында Украинанын ушул убакка чейин берилген жардамдардан улам  АКШга жүз миллиарддаган доллар карызы бар экенин айтып, Киев менен 500 миллиард долларлык сейрек кездешүүчү элементтерди талап кылуу менен келишим түзүүнү каалаганын жарыялаган.

Трамп Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн орус жана украин тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгын, баалуу металлдар
боюнча келишимге  кол коюу үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин  ушул аптада же  кийинки аптада Ак үйгө келерин билдирген.
Украинада литий, титан, уран жана марганец сыяктуу түрдүү жана ири элементтер менен минералдардын кеңири спектри бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз