Орусия Украинага таандык 128 учкучсуз учуучу аппараттын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганын кабарлады.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Украинанын түн ичинде учкучсуз аппараттар менен Орусиянын аймагына кол салууга аракет кылганы айтылды.
Орус абадан коргонуу системалары тарабынан 128 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнү белгиленген билдирүүдө, алардын 83ү Краснодар, 1и Брянск, 1и Курск, 30у аннексияланган Крым, 8и Азов деңизи, 5и Кара деңизде атып түшүрүлгөнү маалымдалды.
Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев Телеграмдагы билдирүүсүндө, Украинанын учкучсуз аппараттар менен жарандарга кол салууга аракет кылганын айтып: «Натыйжада 3 имарат зыян тартты. Алгачкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана каза тапкандар жок»,-деди.
Украинанын акыркы учкучсуз аппарат чабуулунун жыл башынан берки эң күчтүү чабуул болгону кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 24-январда Украинага таандык 121 учкучсуз аппараттын Орусиянын аймактарында, анын ичинде борбор Москванын үстүндө жок кылынганын билдирген.
