Среда, 29 апреля

Бүгүн Бишкектин айрым жерлерине суу берилбейт

0

Бүгүн, 27-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелет:

— Кийизбаева — Мамбетов — Курманжан Датка көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;

— Ахунбев – Ш.Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;

— Саманчин — Малдыбаев — Байтик Баатыр — Сүйөркулов — Тыныстанов — Малдыбаев — Ахунбаев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 14:00гө чейин.

Белгилей кетсек, суу берүүнү токтотуу таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз