Күрддөрдүн жумушчу партиясынын (PKK) камактагы лидери Абдулла Өжалан тарапкерлерин куралын таштоого жана ишмердүүлүгүн токтотууга чакырды. Анын абактан жазган катын күрддөрдүн таламын талашкан DEM партиясынын депутаттары 27-февралда маалымат жыйынында окуп беришти.
«Бардык топтор куралын ташташы керек жана PKK өзүн өзү таркатышы керек» деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Өжалан саясий максаттарга жетүү үчүн демократияга альтернатива жок экенин баса белгилейт. Ал Түркиянын бийлигин «этникалык азчылыктарга урмат көрсөтүүгө, сөз эркиндигине жана демократиялык укукка ээ болууга» чакырды.
