2024-жылы Түркия 62,2 миллион туристти тосуп алып, өткөн жылга салыштырмалуу 9,8% өсүшкө жетишти. Бул көрсөткүч пандемияга чейинки 2019-жылга карата 20,3% жогору. Ошентип, Түркия 2024-жылдын башында жарыялаган 60 миллион туристтик максатынан жана октябрда жаңыртылган 61 миллион көрсөткүчүнөн ашып өттү.
Туризмден түшкөн киреше 61,1 миллиард долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 8,3% көбөйдү. Ошентип, 2024-жыл Түркиянын туризм тарыхындагы эң ийгиликтүү жыл болуп калды.
Түркиянын негизги туристтик базарлары – Европа, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өз ордун сактап калса, Америка, Индия жана Кытай сыяктуу жаңы рыноктор чоң өсүш көрсөттү. Россия, Германия жана Улуу Британия Түркиянын эң ири туристтик булак өлкөлөрү бойдон калды. Ошол эле учурда, АКШдан келген туристтердин саны 8,1%, Кытайдан – 65,1%, ал эми Индиядан – 20,7% көбөйдү.
2024-жылы Кыргызстандыктар арасында да Түркияга болгон кызыгуу жогорулады. Өлкөгө Кыргызстан жарандарынын саны 2023-жылга салыштырмалуу 8,4% өсүп, 184 174 адамга жетти.

