Түркиянын ТРТ Аваз каналынын Рамазан программасы быйыл түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири болгон Өзбекстандын Самарканд шаарынан көрсөтүлөт.
Долбоорду даярдоодо, TRT Avaz командасы менен катар Өзбекстандан да адситер көмөк көрсөттү.
«Түркстанда сөздүн маңызы» деп аталган Рамазан программасы Түркия убактысы боюнча күн сайын саат 18:30да, Кыргызстандын сааты боюнча 21:30да TRT Avaz каналында көрсөтүлөт.
