Суббота, 18 апреля

Ипотекалык үйлөрдүн чарчы метри 650 доллардан болот

0

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев ипотекалык программанын алкагында үлүштүк курулуш шарттарында турак жай куруунун баасы чарчы метри 700 доллардан 1 миң 400 долларга чейин болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, эң кымбат батирлер Бишкектеги “Ынтымак” турак жай комплексинде жайгашкан, анда 8 миң батир курулуп жатат.

“Анын ичинен 4 миң батир ипотекага кезекте турган жарандар үчүн курулууда. Алар үчүн бир чарчы метрдин баасы 650 долларды түзөт. Ал эми үлүштүк курулуш аркылуу турак жай алгандар үчүн баасы 1400 доллардан башталат”, — деди ал.

Ошондой эле Жээмбаев белгилегендей, жарандарга ар кайсы даректер боюнча батирлер сунушталып жатат, ар бир объекттин өзүнүн тиешелүү баасы бар.

“Биздин батирлер башка курулуш компанияларына салыштырмалуу арзан”, — деп кошумчалады ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз