Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими тууралуу “Кабар” агенттигине 5-мартта маек курду.
Ал кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимге ылайык, эки тарап тең уттурбаганын билдирген.
«Эки тарап тең уттурган жок. Бардык талаш жерлер 50/50 чечилди. Айылдар алмашты. Жерлеринин көлөмү канча болсо ошончо жерлери менен алмашылды. Мисалы, Достук айылыбыз тажик тарапка өтсө, бизге Самонион айылы өтүп атат. Алар деле “Айылыбызды бергибиз келбей жатат, ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат” деп атышат. Бул жерде бир айылдын маселеси чечилип жаткан жок. Эки мамлекеттин маселеси чечилип жатат. Айылдар алмашылып атканы эң туура болду. Себеби, Достук айылыбыз Тажикстанга чапташып турган жалгыз айыл. Самонион айылы Кыргызстанга чапташып турат. Шахматтык түрдө жайгашып калган. Ошол үчүн алмашуулар туура эле болду. Эми мындан ары чыр чатак чыкпайт. Түбөлүк тынчтык, ынтымак орнойт», — деген Тургунбек уулу.
