Учурда Орусиядагы миграция мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги консулдар менен биргеликте мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, көзөмөлдөн кийин полиция кызматкерлери тарабынан айтылган кемчиликтер боюнча Эмгек министрлигине кайрылгандар болууда.
“Орусия Федерациясынын президентинин жарлыгынын негизинде 30-апрелге чейин арыз менен кайрылса Орусиянын аймагынан бир да жаран чыгарылбайт деген эреже киргизилген. Бирок, айрым фактылар түшүп, тиешелүү тарапка кайрылып жатабыз. Негизгиси жашап, иштөөнү каалагандар биометрикалык маалыматтарды берип же идентификациядан өтүп, медициналык текшерүүдөн өтүп, эмгек келишимин узартып, милдеттүү төлөмдөр боюнча карызды ыктыярдуу төлөп арыз менен кайрылса болот. Бардык документтер мыйзамга ылайык келтирилгенден кийин Орусиянын аймагында легалдуу түрдө жүрүүгө болот”, — деди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция саясаты бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Орусияда миграция боюнча 30дан ашык мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Анын айрым эрежелери жыл башынан тарта күчүнө кирген. Жаңы мыйзамга ылайык, мурда чет өлкөлүк жаран Орусиянын аймагында 180 күн каттоосу жок жүрө алышса, азыр ал 90 күнгө кыскарды. Ал эми 5-февралдан тарта дагы бир мыйзам күчүнө кирип, анда күч түзүмдөрүнө миграция мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу укугу берилди.
Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Орусиянын миграция талаптарын бузуп, контролдоочу адамдардын реестрине кирген 83 миңдей кыргызстандык өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Бирок, алар 30-апрелге чейин документтерин тууралап, Москвада иштөөсүн легалдаштырып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ошондой эле 1-апрелден баштап дагы бир мыйзам күчүнө кирет. Анда мигранттардын балдарын мектепке жана бала бакчага кабыл алууда тест тапшыруусу милдеттүү болууда. Бирок, бул эреже Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларына каршы келгендиктен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси, Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, НОТА бергени маалым.
Эскерте кетсек, учурда Орусиянын ички иштер министрлиги ири шаарларда, Москванын өзүндө өндүрүш ишканаларын, кафе-ресторандарды, курулуштарды текшерип мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды аныктоодо. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Россиянын аймагында жашап иштеп жүргөн мигранттардын саны 380 минден ашык, ал эми расмий эмес маалыматтарда бул көрсөткүчтөрдүн саны 500 миңден көп деп айтылууда.
