Воскресенье, 7 декабря

Эрдоган: Түркия менен Азербайжан тынчтыкты гана колдойт

0

Түркия менен Азербайжан тынчтык, туруктуулук жана бакубатчылыкты колдойт.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Игдыр-Нахчыван газ куурунун ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди. Иш-чарага Азербайжандын президенти Илхам Алиев да катышты.

«Биз аймакта тынчтык, кызматташтык жана биргелешип өнүгүү үчүн умтулабыз», — деди түрк лидери.

Эрдоган Анкара менен Баку “аймакта тынчтыкты, гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну улантууга чечкиндүү экенин” белгиледи.

Түрк лидери Игдыр-Нахчыван газ куурун «Нахчывандын энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган долбоор» деп атады. «Игдыр-Нахчыван газ кууру энергетика тармагындагы биздин мурдагы стратегиялык демилгелерибизди толуктайт», — деди түрк президенти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз