Суббота, 18 апреля

Сирияда абал кайрадан курчуду

0

Сириянын мурунку президенти Башар Асаддын тарапташтары Латакия провинциясындагы Жебла районунда жаңы бийликтин Коопсуздук кызматына кол салды.

«Асаддын куралданган тарапташтарынын ар кайсы жерде бир убакта жасалган чабуулуна туш болгон Коопсуздук кызматына куралдуу күчтөр жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

ЖМКлардын тараткан маалыматына ылайык, армия Жеблага кол салгандарга каршы туруп, тартип орнотуу үчүн кошумча күч жиберген. Соңку кабарлар боюнча, чабуулдун натыйжасында күч түзүмдөрүнүн 16 кызматкери набыт болду. Латакияда коменданттык саат жарыяланган. Полиция башкармалыгына жасалган чабуулдун мизи кайтарылганы айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз