Суббота, 5 апреля

Дыйкандардын айыл чарба жерлерин ижарага алуусу жеңилдеди

0

Мындан ары дыйкандар айыл чарба жерлерин ижарага алууга онлайн арыз бере алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу процессин санариптештирүү боюнча пилоттук долбоор Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан башталды.

Эми үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, ошондой эле айыл чарба кооперативдери министрлик тарабынан иштелип чыккан agrojer.kg маалыматтык системасы аркылуу жер участокторун алуу арыздарын жибере алышат. Бул кадам тейлөө сапатын жакшыртууга жана агрардык сектор үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, бул Кыргызстандын айыл чарбасын санариптештирүү процессиндеги маанилүү кадам болуп саналат.

Agrojer.kg системасы арыздарды кабыл алуу процессти автоматташтырып, бюрократиялык процедураларды кыйла кыскартып, мамлекеттик органдар менен колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет.

Ошондой эле жер тилкелерин бөлүштүрүү процессинин ачыктыгын жогорулатуу маанилүү болуп саналат, бул кызыкдар тараптарга өздөрүнүн арыздарынын статусун жеңил көзөмөлдөөгө жана актуалдуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз