Ош облусунун Араван районунда кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштар алынууда.
Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Аравандын борборунда Достук айыл аймагынын Ош-3000, ошондой эле С. Юсупова айыл аймагынын Ибн Сина, Бекали Айдаров көчөлөрүндө кызыл сызыкка чыгып кеткен 200гө жакын ар кандай багыттагы курулуштар алынып, жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Бүгүн облус жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Араван районуна барып, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштеринин жүрүшү менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.
Тиешелүү адистердин айтымында, буга чейин жарандарга кызыл сызыкта турган объекттерди алып салуу боюнча эскертүүлөр берилген. Анын негизинде көпчүлүгү мыйзамга баш ийип, өз алдынча жылдырса, айрымдарына жергиликтүү бийлик атайын техника менен буздуруу иштерине көмөктөшүп, өз ара түшүнүү менен курулуштар алынууда.
Белгилей кетсек, учурда жолдорду кеңейтүү иштери облустун бардык райондорунда жүргүзүлүп, буга чейин 1500дөн ашуун объект бузулду.
