Воскресенье, 6 апреля

АКШ орус-украин согушунда 30 күнгө ок атышпоону сунуштады

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын 30 күндүк ок атышпоо сунушу оң экенин айтты: «АКШ Орусияны ынандырат. Ошондуктан биз даярбыз, эгер орустар макул болсо, ок атышпоо келишими күчүнө кирет» — деди..

Зеленский видео кайрылуусунда АКШ жана Украина делегацияларынын Сауд Арабиядагы жолугушуусу тууралуу айтты.

Жолугушууну позитивдүү деп сыпаттаган Зеленский анын жүрүшүндө тараптар көптөгөн маанилүү деталдарды талкуулаганын белгиледи.

Анын айтымында, АКШ орус-украин согушунда 30 күнгө ок атышпоону сунуштаган.

«Украина бул сунушту кабыл алды, биз аны оң деп эсептейбиз. Биз мындай кадамга барууга даярбыз жана АКШ Орусияны көндүрүшү керек», — деп кошумчалады ал.

Ок атышпоо түзүлө турган болсо АКШ жана башка союздаштары менен 30 күндүн ичинде жолугуша тургандарын белгилеген Зеленский Украина үчүн коопсуздук жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аракет кыла тургандарын баса белгиледи.

«Украина тынчтыкка даяр. Орусия да согушту токтотууга же аны улантууга даяр экенин көрсөтүшү керек”, — деп жыйынтыктады президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз