Четверг, 23 апреля

Султанбай Айжигитов кесиптештерине капа болду

0

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кесиптеши Султанбай Айжигитовго сөз берген жок.
Жыйында Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылганы боюнча борбордук трибунадан билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт сураган. Анын суранычы добушка коюлуп, бирок кесиптештеринин көпчүлүгү колдобогондуктан (20 макул, 14 каршы), депутатка сөз берилген жок.
Айжигитов ага сөз бербей койгон кесиптештерин сындады.
«Эми мага сөз да бербейсиңерби?! Муну кандай түшүнсө болот? Мыйзам деген барбы? Бул жак парламентпи же нотариалдык мекемеби? Уялбайсыңарбы! Сөз берип койгула да. Мен өзүмдүн фракциядан чыгарылганым боюнча билдирүү жасайын дегем. Андан тышкары эч нерсе – чек араны да, башканы да айтмак эмесмин. Мен өз оюмду айтканга уруксат бербейсиңерби?! Парламентсиңерби же эмнесиңер? Депутатсыңарбы же кимсиңер? Түшүнбөй калдым», — деди ал.
Кесиптештеринин сөз бербей койгону Конституцияга, Жогорку Кеңештин регламентине каршы келерин айткан Айжигитов «уялбайсынрабы, бет деген барбы?» деп депутаттарды уяткарды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз