АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Овал кабинетинде талашып-тартышкандан кийин аны кайрадан Ак Үйгө чакырарын билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ак Үйдүн бакчасында медиа өкүлдөрүнө АКШ менен Украинанын ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөргө баа берди.
«Украина бул келишимди кабыл алды, мен Орусия аны кабыл алат деп үмүттөнөм. Алар менен бүгүн жана эртең сүйлөшөбүз жана бир пикирге келе алабыз деп үмүттөнөбүз», — деди.
Ал эки өлкөнүн ортосундагы жараян толук ок атышпоого алып келет деген үмүтүн билдирди: «Бул жерде биз айтып жаткан нерсе ок атышууну толук токтотуу. Украина муну кабыл алды, мен Орусия дагы бул сунушту кабыл алат деп үмүттөнөм».
Украинанын президенти Зеленский «Ак үйгө кайра чакырылабы» деген суроого Трамп «Ооба, албетте» деп жооп берди.
