Четверг, 23 апреля

Евробиримдик да АКШга каршы кошумча бажы төлөмдөрүн киргизе баштады

0

Америка Кошмо Штаттары болот жана алюминий импортуна кошумча бажы төлөмдөрүн киргизгенден кийин Евробиримдик 26 миллиард евролук жооп чараларын жарыялады.

Еврокомиссиянын билдирүүсүнө ылайык, АКШнын болоттон жасалган буюмдарга жаңы тарифтери «негизсиз» жана Брюссель жооп катары «тез жана пропорционалдуу» чараларды көрөт.

Евробиримдик АКШнын тарифтери трансатлантикалык сооданы бузуп, бизнес жана керектөөчүлөр үчүн кошумча чыгымдарды жаратып, баанын жогорулашына алып келет деп эсептейт.

Еврокомиссия этап менен иш-аракет кылууга ниеттенип жатканы кабарланууда.

1-апрелден тарта жооптук чектөөлөр күчүнө кирип, 8 миллиард евролук америкалык товарларга таасир этет.

18 миллиард евродон ашкан соода чектөөлөрүнүн экинчи толкуну 13-апрелде күчүнө кирет.

Жалпысынан Евробиримдиктин жооп чаралары америкалык импорттун 26 миллиард евросун камтыйт, бул АКШнын жаңы тарифтеринен келтирилген болжолдуу зыянга барабар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз