Среда, 29 апреля

Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маанай бар

0

Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нооруз майрамын утурлай кыргыз-тажик чек арасынын расмий ачылуусуна карата Баткен жана Согди облусунун чектешкен аймагында майрамдык иш-чаралар уланууда.

Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган чектеш райондордун башчылары жана кыргыз-тажик элдери катышууда.

Облус башчылары кошуна жашаган эки элди бул тарыхый күн менен куттуктап, алдыда ынтымакты бекемдөө, ар тараптуу кызматташууну жандантуу аракеттери көрүлөрүн айтышты.

Сүмөлөк кайнап, улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр уюштурулду.

Жергиликтүү таланттар улуттук ыр-бийлерди аткарышты.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды. Аталган бекеттер 2021-жылдын май айынан бери жабык турган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз