Воскресенье, 6 апреля

Азербайжан менен Армения чек ара келишимин түзүүгө жакындады

0

Азербайжан менен Армения тынчтык келишиминин текстин макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады.

Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов XII Глобалдык Баку форумунун алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, армян тарап ачык калган акыркы эки пунктту кабыл алды. «Текст боюнча иш аягына чыкты» — деди Байрамов.

Министр ою боюнча, кийинки этапта Армениянын Конституциясынан Азербайжанга каршы аймактык дооматтар алынып салынышы керек.

Байрамов Армениянын Конституциясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тынчтык үчүн зарыл шарттардын бири экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, дипломат Минск тобун жоюу керектигин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз