Суббота, 16 мая

Бишкек — Ош жолундагы кырсыкта 2 киши каза болду

0

Жалал-Абадда өрттөнгөн унаа толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 300-чакырымында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Honda Stepwagen унаасынан өрт чыккан.

Билдирүү түшөр замат өрттү өчүрүүгө саат 14:46да 1 күжүрмөн эсеп жана авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо саат 15:35де өчүрүлгөн.

Унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кулап, натыйжада өрт тутангандыгы айтылды.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза тапты. Учурда жарандардын өздүгү такталууда.

ӨКМ сапарга чыккан айдоочулар төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

— жолго чыгууда унааңыздын техникалык абалына көңүл буруңуз;

— коопсуздук эрежелерине ылайык, тетиктерин оң абалда кармаңыз;

— газ менен жүрүүчү унаа менен күн ысыкта алыс чакырым жүрсөңүз, атайын эрежелерин так сактаңыз;

— мас абалында, чарчап, уйкуңуз келип турганда, ошондой эле өзүңүздү начар сезип жатсаңыз унааны башкарбаңыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз