Бишкектин четинде жайгашкан “Супара” этно-комплексинде “Манас” Улуттук академиясынын Улуттук кеңешинин отуруму өтүү. Ага Улуттук академиянын кызматкерлери, улуттук кеңештин мүчөлөрү, КР Эл жазуучулары, КР Эл артисттери, коомдук ишмерлер, тарыхчылар, манасчылар катышты.
Иш-чараны оболу Улуттук академиянын президенти Азиз Биймырза уулу ачып, ал Улуттук кеңешти түзүүнүн маанилүүлүгүн жана анын зарылчылыгын белгиледи. Андан соң академиянын 2024-жылы аткарган иштери боюнча видео отчет көргөзүлдү.
Күн тартибинде академиянын аткарган иштери жана келечеги талкууланып, ушул жылдагы иш планына ылайык маанилүү маселелер каралды. Анын ичинде “Манас” академиясынын 2025-жылга карата пландары, Улуттук Кеңештин регламентин кароо жана бекитүү, кеңештин төрагасын жана жооптуу катчыны шайлоо, академиянын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде илимий изилдөөлөргө, маданий иш-чараларга жана билим берүү программаларына тиешелүү маселелер кирди.
Талкуунун жүрүшүндө Улуттук кеңештин курамынын мүчөлөрү Манасты жайылтуу, анын кыргыз тилине салымы, “Манас” эпосун башка тилдерге которуу жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторуна да көңүл буруу тууралуу сунуштар айтылды.
Белгилей кетсек, Улуттук кеңештин курамында КР эл артисти Түгөлбай Казаков, Сулайман Кайыпов, Академик Абдылдажан Акматалиев, КР эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, серепчи Асылбек Кожобеков, коомдук ишмер Аймен Касенов, КР Эл баатыры Медеткан Шеримкулов, КР Эмгек баатыры Аскар Салымбеков, ЖК депутаттары Камила Талиева, Мирлан Самыйкожо, КР Эл акыны Жедигер Саалаев, саясий илимдердин доктору Алмазбек Акматалиев, КР Эл жазуучусу Асан Жакшылыков, КР Эл артисти Рысбай Исаков бар.
Иш-чаранын жыйынтыгында жогоруда аты аталган Улуттук кеңештин мүчөлөрү орток пикирге келип, бир добуштан кеңештин төрагасы кылып “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулун шайлады. Атай кетсек, Улуттук отурум Академияны өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат.