АКШнын аба соккусунан Йемендин борбору Санада каза болгондордун саны 53кө жетти.
Каза болгондордун арасында беш бала бар. Дагы 98 адам, анын ичинде 9 аял жана балдар жарадар болгон.
Мурдараак, 7-мартта хуситтер Израилге Газа тилкесине гуманитардык жол ачуу үчүн төрт күн убакыт берип, талаптар аткарылбаса, Израилге каршы деңиз операцияларын кайра баштаарын айтып коркутушкан.
11-мартта кыймылдын лидери Абдулмалик ал-Хуси белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Израилдин кемелери Кызыл деңиз, Оман булуңу, Баб-эль-Мандеб кысыгы жана Аден булуңу аркылуу өтүү укугунан кайрадан ажыратыларын билдирди.
15-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social платформасындагы аккаунтунда Йемендеги хуситтерге каршы “чоң чабуулга” буйрук бергенин жарыялады.
Жекшемби күнү хуситтер ошондой эле АКШ менен Улуу Британиянын биргелешкен аба соккуларынан борбор калаа Санага жана түндүктөгү Саада шаарына 31 киши, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгонун кабарлашты. Андан кийин жарадарлардын саны 101 адамга жетти.
Хуситтердин лидери Абдулмалик аль-Хуси Американын агрессиясы алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн гана бекемдей турганын айтып коркутту. Ал ошондой эле АКШнын учактары менен согуштук кемелери хуситтердин бутасына алынарын жана деңиз кемелеринин үзгүлтүккө учурашы эми Вашингтонго да таасирин тийгизерин эскертти.