Вторник, 1 апреля

Израилдин соккусунан Газада 230 киши каза болду

0

Газа тилкесинде Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 230дан ашып, 350дөн ашууну жарадар болгонун “Аль-Акса” маалымат агенттиги анклавдын бийликтерине таянуу менен билдирди.

Шейшембиге караган түнү Израил согуштук аракеттерин кайра баштады. Тель-Авив муну ХАМАСтын ок атышпоону узартуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча америкалык планды кабыл алуудан баш тартканына жооп катары билдирди.

Хамас Нетаньяхунун Газага кол салуу чечимин барымтачылар үчүн өлүм өкүмү деп атады. Палестиналык кыймыл дагы 59 кишини кармап турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз