Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан чет өлкөлөрдө диний билим алууну каалаган жарандар үчүн окуу жайлар сунушталды.
Диний окуу жайлардын тизмеси:
— Египет – Аль-Азхар университети;
— Иордания – Иордан Университети – мамлекеттик билим берүү мекемеси;
— Россия Ислам институту, Казань шаары;
— Россия Ислам университети, Уфа шаары;
— Москва ислам институту, Москва шаары;
— Болгар Ислам Академиясы, Татарстан;
— Малайзия – Эл аралык Ислам университети;
— Өзбекстан – Ташкент Ислам институту;
— Казакстан – Нур-Мубарак университети;
— Түркия – Диянет иштери башкармалыгына караштуу диний билим берүү мекемелери.
Эскерте кетсек, “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинде “Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим алгандан (11-класс) кийин же диний билим алгандан кийин чет өлкөдө диний билим алууга укуктуу” деп белгиленген.