Вторник, 1 апреля

Ноорузда Бишкекте өтчү иш-чаралар белгилүү болду

0

Нооруз майрамынын урматына борбор калаанын төрт районунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Биринчи май районунда:

20-мартта Маевка жана Пригородный маданият үйүндө концерттик программа жана улуттук оюндар менен коштолгон иш-чаралар жана чыгармачыл топтордун катышуусунда маданий оюн-зоок программа өткөрүлөт.

21-мартта Жаштар сейил багында, Кут конушунда майрамдын урматына көргөзмөлөр, концерттер, спорттук мелдештер жана жалпы элдик майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Ленин району боюнча:
21-мартта «Чүкө» эс алуу борборунда, «Люкс» паркында, «Чоң-Арык» жана Киргизия-2 конуштарынын маданий борборлорунда Нооруздун урматына майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында “Сүмөлөк” улуттук тамак-ашын уюштуруу, концерттик программа жана улуттук спорт оюндары өтөт.
Ошондой эле бул күнү төмөнкү даректерде майрамдык иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда: Джунусалиев көч., 40, 40а, Айни көч., 31, Ахунбаев көч., 202, 204, Жаманбаев көч., 36, Жал-23, №11,12,14,16, Ч.Айтматов проспектиси «Азия Молл» соода борборунун жанында, Тимирязев көч., 12 дарегинде.

Свердлов районунда:

20-мартта №17 МАБнын аймагында, №11 орто мектебинин спорт аянтчасында, №19 МАБнын Учкун конушунда, «Аламүдүн» МАБнын жана №21 МАБнын аймагындагы №21 орто мектебинин аймагында «Эне-Сай» конушунда улуттук спорттук мелдеш өткөрүлөт. «Сүмөлөк», концерттик программа жана сый тамактар уюштурулат.
21-мартта Арбат аллеясында «Чыгыш-5» кичирайондо кийиз, чий-токуу, карапа жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардыгына акысыз мастер-класстарды уюштурат. Ошондой эле мольберттин жана комуздун көргөзмөсү №18, №19, 21-МАБында, Лебединовка МАБында, Төмөнкү Ала-Арча МАБда боз үй тигилип, таттуулар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук даамдардын жарманкеси өткөрүлөт.

Октябрь районунда:

2025-жылдын 21-мартында Ынтымак сейил багында боз үй тигилип, дасторкон, улуттук спорттук мелдештер жана мастер-класстар уюштурулган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. “Шайыр балалык”, “NARK ART HOUSE” балдардын чыгармачылык борборлору жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт. Ошондой эле, майрамдын урматына Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жалпы элдик майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз