Вторник, 1 апреля

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү келишимди жактырды

0

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялады.

“2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору дароо үч окууда кабыл алынды. Демилгечи – президент Садыр Жапаров. Баяндамачы – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында мыйзам долбоору үч окууда каралды.

Эске салсак, 13-мартта “Ынтымак Ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон.

2025-жылдын 21-февралында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.

Ал эми 27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйыны өтүп, ага Кыргызстан-Тажикстан мамлекеттик чек арасы боюнча бир келишим, эки макулдашуунун долбоору УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан депутаттардын талкуусуна сунушталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 1008,14 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылдын ичинде такталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз