Вторник, 1 апреля

Эрдоган: Израилдин бийлиги Газада геноцид кылууну улантууда

0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин Газага акыркы кол салуулары тууралу пикирин айтты. Эрдоган: «Сионисттик режим өткөн түнү Газага жасаган мыкаачылык чабуулдары менен дагы бир жолу бейкүнөө адамдардын каны, өмүрү жана көз жашы менен азыктанган террористтик мамлекет экенин көрсөттү. 330 бейкүнөө адамдын өлүмүн элестете аласызбы? Тилекке каршы, бул сионисттик режим аларды Сахур учурунда геноцид аркылуу жок кылды. Алардын көбү балдар жана аялдар. Бүгүн кечинде мага жеткен кабарга караганда 400дөн ашуун бир тууганыбыз каза болгон. Бул мыкаачылыктын жооптуулары төгүлгөн ар бир тамчы кан үчүн жооп беришет», — деди.

Түркия кыргынды токтотуу, ок атышпоо жана тынчтыкты орнотуу үчүн дипломатиялык аракеттерди күчөтүүнү уланта турганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз