Вторник, 1 апреля

Баткендеги кооптуу жерлер аныкталууда

0

Баткенде кооптуу аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында быйылкы жылга карата кооптуу делген аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлдү. ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти менен кошо Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн офицерлери жумуш алып барды. Адистер Кадамжай районунун аймагында жер көчкү жана таш кулоо кооптуулугу бар тилкелерде болуп, изилдөө иштерин жүргүзүү менен бирге жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Атайын аппараттын жардамы менен кооптуулуктун активдешүүсүнө байкоо жүргүзүлдү. Ал эми кооптуу тилкеде жашап жаткан тургундарга тиешелүү маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Кадамжай районунун аймагындагы 6 айыл аймакта кооптуу аймактар бар жана ал тилкелерде жалпы 48 үй-бүлө жашап келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз