Вторник, 1 апреля

Министрлик баланы мектепке каттоонун жол жобосун көрсөттү

0

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Tunduk” мобилдик тиркемесинде жаңы кызматын көрсөтүштү. Эми “Tunduk” мобилдик тиркемеси аркылуу балаңызды мектепке киргизе аласыз.

Кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетип, ата-эне баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде эле смартфонунан каттай алат.

Каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:

1-этап – 2025-жылдын 2-июнуна чейин. Бул этапта каттоо ата-энелердин катталган дареги боюнча дайындалган мектепте жүргүзүлөт.

Арыз берүү үчүн:

* Tunduk тиркемесин ачып, тизмеден баланы тандаңыз.

* Система сунуштаган мектепти тандаңыз.

* Окутуу тилин көрсөтүңүз.

* Байланыш маалыматын киргизиңиз (телефон номери, электрондук почта).

* “Мектепке катталуу” баскычын басыңыз.

Эгерде сунушталган мектептер ылайыктуу эмес болсо, сиз баш тартып, себебин көрсөтсөңүз болот. Бул учурда, өтүнмө экинчи этапка өтөт.

2-этап – 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин болот.

Ата-энелер дагы бош орундар бар мектепти тандай алышат.

Экинчи этапта арыз берүү үчүн:

* Аймакты, районду же шаарды көрсөтүңүз.

* Тизмедегилердин ичинен мектепти тандаңыз.

* Окутуу тилин тандап, “Мектепке катталуу” баскычын басыңыз.

Мектепке кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин 110 номуру аркылуу кайрылсаңыз болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз