Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту.
Министрликтен маалымдашкандай, анда тараптар маданият жана искусство тармагында тажрыйба алмашууну уюштурууну, Кыргыз улуттук китеп палатасынын архивдик материалдарын санариптештирүүнү, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын которуу, басып чыгаруу жана түрк тилдүү өлкөлөргө жайылтууну, Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмоновдун мемориалдык комплексин реставрациялоо жана инфратүзүмүн өнүктүрүүнү талкуулашты.
Жолугушуудан кийин Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү. Театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙдун жогорку сыйлыгы төмөнкү инсандарга ыйгарылды:
— Мираида Далбаева,
— Асангүл Абдыгулова,
— Гүлайым Каниметова,
— Калык Ибраимов,
— Аскар Салымбеков,
— Авас Сырымбетов,
— Жамилия Сыдыкбаева,
— Жамалбек Ырсалиев,
— Султан Каримов,
— Айгүл Умралиева,
— Гүлнара Сатарова.