Понедельник, 25 ноября

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташкан

0

Дүйшөмбү күнү кечинде Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан.

Ворух айылынын тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Аксайлыктар каршы чыккан. Келишпестик учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, окту жергиликтүү тургундар деле чыгарышы ыктымал, анткени мергенчинин мылтыгы атылганы белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Исфара — Ворух автожолу ачыла элек.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик мындай окуялардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн биргеликте иш алып барууда.

Чыр чыккан аймакка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз